www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уккан кулакта жазык жок, экс-президент А. Атамбаевге жакын чөйрөдөгү булактардан алынган маалыматка караганда анын жан-жөкөрлөрү саналган Фарид Ниязов менен Алмаз Үсөнов аз эле жерден «шефинин» колунан таяк жеп кала жаздашыптыр. Окуя А. Атамбаев Кытайга сапар алардан 2 күн мурун болгон дешет.
Мамлекет башчысына карата маалыматтык чабуулду өздөрү баштап алышып, кайра тумшукка жегендей абалда болуп калышкан экөө «шефине» кирип, алдыга таштай турган кадамдары боюнча талкуулашып алууну чечишет.
Анан «шефинин» кабинетине киришкенде эле экс-президент экөөнү карап: «колуңардан коко тыйын да келбейт турбайбы, көзүмө көрүнбөй жоголгула» деп, алиги өтө орой сөздөр менен сөгүп-сагып кирет. Шылкыйып турган экөөнүн чыгып кетүүсүн талап кылат. Анан эмне кылаарын билбей дендароо болуп турган экөөнү карай стол үстүндө турган статуетканы алып, болгон күчү менен уруп калат. Дагы жакшы, экөө буйтаганга үлгүрүшөт. Статуетка болсо дубалга барып урунат.
Көрсө, А. Атамбаев ошол күнү «бөдөнөнүн сүтүнөн» татып алган экен. Эртеси соолукканда экөөнү кайра чакырып: «кече катуу кетип калыптырмын, бирок өзүңөр дагы иштей албай атасыңар, эми маалыматтык жагын жакшылап бекемдегиле» деп бир ууч акчаны колдоруна карматыптыр дешет. Азыркы тапта алар «эми кандай кылып маалыматтык чабуулду жасасак экен» деген суроонун үстүндө иштеп атышат дешет.
Булак: NazarNews.kg