www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо мөөнөтүн азыркы 1 айлык мөөнөттөн 10 күнгө чейин кыскартуу сунушталууда. Аларды каттоодон өткөрүү үчүн талап кылынган документтердин саны да кыйла кыскартылмакчы.

Андан тышкары, жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо критерийлери Өкмөт тарабынан аныкталат. Эгерде мамлекеттик органдар аны каттоодон баш тартса, ал маселе сот аркылуу чечилүүгө тийиш.

Эске салсак, буга чейин депутат Рыскелди Момбеков жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо критерийлеринин Өкмөт тарабынан аныкталышын аларды көзөмөлгө алуу аракети катары баалаган, деп жащат аталган басма-сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости