www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 7 айында өлкөнүн ИДПсы 2,9%га өстү. Бирок өткөн жылга салыштырмалуу 3,5%ге төмөндөп кеткен. Башкача айтканда бул мезгилде былтыр ИДПнын өсүшү 6,4%га жеткен. Натыйжада, жалпы динамикада жыл башынан бери экономикалык өсүш басаңдап, өнөр жайда 1,8%, айыл чарбасында 1,7%га төмөндөгөн.

2023-жылдын 6 айындагы тышкы соода жүгүртүүгө көңүл бурсак, ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүү 2 млрд долларды түзүп, 6,6%га кыскарган.

Ал эми Кумтөрдүн акыркы 2023-жылдын биринчи кварталы боюнча жеткиликтүү каржылык отчетундагы негизги көрсөткүчтөрдүн бирин карап көрсөк, өндүрүштүк чыгым өсүп, пайда түшкөн эмес. 

Мына 2019-жылдын биринчи кварталында алтындын бир унциясын өндүрүүгө кеткен чыгым 360 долларды, 2020-жылы - 322 долларды, 2021-жылы - маалымат жок, 2022-жылы - 736 долларды, 2023-жылы - 706 долларды түзүптүр.

Башка көрсөткүчтөр боюнча да ошол эле «космостук» өсүш. Бир унцияны колдоонун жалпы баасы 2020-жылы 644 долларды, 2021-жылы маалымат жок. 2022-жылы 1204 долларды жана 2023-жылы 1627 долларды түзгөн. 

Эгерде 2022-жылы Кумтөр биринчи кварталда мурдагыдай эле кирешелүү болсо (19,4 миллион доллар) 2023-жылы алтынды казып алуу жана сатуу рентабелсиз болуп калган. Биринчи кварталда 80 511 унция алтынды өндүрүүгө кеткен жалпы чыгым 165 371 203 долларды түзгөн. Бул убакыттын ичинде 77 547 унция алтын 146 641 377 долларга сатылып, бир унциянын орточо баасы 1 891 доллар болгон. 

2019-жылдын биринчи кварталында алтындын бир унциясын өндүрүүгө кеткен чыгым 360 долларды, 2020-жылы - 322 долларды, 2021-жылы - маалымат жок, 2022-жылы - 736 долларды, 2023-жылы - 706 долларды түзүптүр.
Натыйжада, быйыл Кумтөр үстүбүздөгү жылдын 7 айында 18 млн 729 миң 826 доллар чыгым менен чыккан... 

2023-жылдын биринчи чейрегинде компаниянын бардык салык төлөмдөрү жана башка милдеттенмелери 48,1 миллион долларды түзүптүр. Бирок, отчетторго ылайык, салыктар менен милдеттенмелердин баардык акыркы 5 чейрегинде төмөндөө байкалган: 
2022-жылдын 1-чейрегинде - 124,2 миллион доллар; II чейректе - 122,2 миллион доллар; III чейрек - 77,2 миллион доллар; IV чейрек - 64,2 миллион доллар болсо, 2023-жылдын 1-чейрегинде - 48,1 миллион доллар болгон. 

Айтор, компаниянын сайтында жарыяланган кварталдык жана жылдык отчетторго караганда, Кумтөр үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында рентабелдүү эмес болуп калды...

Бирок Кумтөрдүн басма сөзү берген маалыматка ылайык, чыгымдардын чечмеленген интерпритациясы боюнча узак мөөнөттүү капиталдык чыгымдардын негизинде акыркы жылдары чыгым көбөйгөн экен. Болбосо быйыл 36,9 млн доллар биринчи кварталда пайда табышкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости