www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Степное айылында киши колдуу болгон аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, 5-сентябрь күнү болжол менен саат 21:40тар чамасында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Степное айылындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Милициянын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, үйдүн артынан аялдын сөөгүн көрүшкөн. Денесинде бычактан алган бир нече жаракат аныкталып, ал 60 жаштагы С.Т. аттуу аял экени такталган", — деп жазылат билдирмеде.
Аталган иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча катталган.
"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кошуналары суралып, алар каза болгон аялдын үйүнөн 5-сентябрь күнү болжол менен саат 17:00дө түтүн чыгып жатканын көргөнүн айтышкан. Алар үйүнө кирип, бөлмөдөгү матрацтын түтөп жатканын көрүп дароо аялдын тууганына кабар беришкен. Анын сөөгүн кийинчерээк байкап милицияга чалышкан", — деп жазылат маалыматта.
Укук коргоо органдары аялдын башы кесилген абалда табылган жана үйү өрттөлгөн деген маалымат чындыкка дал келбей турганын кошумчалаган.
"Көз жумган аялдын денесинен бычактан алган жаракаттары болгон, үйүнөн өрт чыккан эмес", — деп жазылат маалыматта.
Азыркы тапта кылмыштын бетин ачуу үчүн Чүй ОИИББдин жана Жайыл РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган ыкчам топ тергөө иш-амалдарын жүргүзүп, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Булак: NazarNews.kg