www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев студенттердин билим алуусу үчүн жеңилдетилген насыяларды берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Депутаттын айтымында, билим берүү жөнүндөгү жаңы мыйзам долбооруна киргизилип жаткан өзгөртүүлөр студенттердин окуусу үчүн жеңилдетилген насыяларды берүүгө багытталган.

Эл өкүлү белгилегендей, жаңы илимий технология өнүккөн жерде өнүгүү болууда. Ал эми жаңы технологияларды киргизүү үчүн жогорку квалификациядагы адистер керек болууда. Мамлекет болгон 4,5 миң студентке колдоо көрсөтөрүн айткан депутат Аалы Карашев, бул абдан жетишсиз экенин айтат.

Ал эми калган бүтүрүүчүлөр окуганы жана иштегени чет өлкөлөргө чыгып кетүүдө. Ошондуктан студенттердин билим алуусуна шарттарды түзүүгө чон зарылчылык. Алар алган насыясын окууну үтүп иштей баштагандан тартып төлөй башташат, дейт эл өкүлү. Белгилей кетсек, Кыргызстанда ар жылы орто мектептерди 60-65 миң окуучу бүтүрөт.

Булак: "Марал радиосу"

Последние новости