www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүздөгү коррупция менен күрөшүү ары татаал, түйшүктүү экенин дагы бир мисал тастыктаганы турат. Маселен, башкасын «жешсе»да, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жардам аркылуу келген, мектеп окуучуларына арналган каражатка сук артышпай эле коюшса болбойт беле? Коомубузга үлгү боло турган «аткаминерлердин» айынан ар дайым уят болуп келебиз.

Бул тууралуу талуу кепти Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев козгоп чыкты. – Жанар мырза, казак кошуналардын акчасына курулган Оштогу мектептин жайын айтсаңыз? – 2010-жылы июнь коогалаңынан кийин Ошко көптөгөн эл аралык уюмдар, кошуна мамлекеттер жардамдарын беришкен. Анын ичинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өзүнүн демилгеси менен «бир мектеп куруп берем» деп, көп өтпөй каражатын которгон. 86 млн. сомго «Жетиген» деп аталган мектеп курулган. Ал азыр көп тилде сабак өтүлгөн Оштогу эң популярдуу мектептердин бири.

Бирок, курулганына көп өтпөй эле мектептин шыбактары түшүп, парта-столдору сынып, анын сапатсыз курулганы байкалды. Генплан боюнча мектеп менен кошо жатаканада курулушу керек болчу. Бирок, жатаканадан дайын да жок. Кейиштүү абал түзүлдү. 86 миллион сом деген оңой акча эмес да! Мектептин жетекчилиги дароо эле «биз мындай жоопкерчиликти албайбыз» деп кайрылып, биз да маселе көтөргөнбүз. Бул жерде бөлүнгөн каражат максатсыз пайдаланган болушу мүмкүн, ошондой шек туулат. Менин билишимче, азыр подрядчиктерге кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости