www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суданда куралдуу кагылышка катышкан тараптардын бири Хартум шаарында кызылча, холера жана башка коркунучтуу материалдардын үлгүлөрү сакталган лабораторияны басып алды.

Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан (ДССУ) билдиришти.

Лабораториянын басып алынышынан улам биологиялык коркунуч жогору экенин ДССУнун Судандагы өкүлү Нима Саид Абид эскертти.

15-апрелден бери Судандын Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген "Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу болуп жатат.

ДССУнун өкүлү чатактын кайсы тарабы лабораторияны басып алганын тактаган жок. 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилегендей, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан улам илимий объектидеги материалдарды туура колдонууга мүмкүн болбой жатат.

Хартумдагы лаборатория кармаш жүргөн аймакка жакын жайгашкан.

Шейшембиде Суданда аба чабуулдары кайра башталды. Өлкөнүн ири шаарларынын бири болгон Омдурман аткыланып, оорукана зыянга учураган.

Эки аптадан бери уланып жаткан куралдуу кагылышууга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генерал  Армиянын командири Абдель Фаттах аль-Бурхан жана Тез аракеттенүүчү күчтөрдүн командири Хамидти деген ат менен белгилүү болгон Мохамед Хамдан Дагалонун бийлик үчүн күрөшү себеп болду.

Бир канча сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар 72 саатка ок атышууну токтотууга макул болушкан. Бул өлкөдөгү кырдаал кескин начарлап кеткен 15-апрелден берки төртүнчү келишим. Ок атышпоону уюштуруу боюнча буга чейинки аракеттерден майнап чыккан эмес. Бирок жетишилген келишимге карабастан, Судан армиясы менен Тез аракеттенүүчү күчтөрдүн (спецназ) ортосундагы активдүү кагылышуулар кечээ, 25-апрелде да уланды.

БУУнун маалыматына караганда, Судандагы башаламандыктан кеминде 460 киши өлүп, төрт миңдейи жаракат алды.

Судандан чет өлкөлүктөрдү, анын ичинде дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрүн чыгарып кетүү уланууда.

Последние новости