www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Судандын бийликтен кулатылган президенти Омар ал-Башир көп сандаган туткундун коштоосунда Кобер түрмөсүнөн качып кетти. Өлкөдөгү эң эски түзөтүү абагына кол салууну белгисиз адамдар тобу жасаган. Бул тууралуу Al Arabiya агенттиги билдиргенин MIR24 телеканалы билдирди.

Судан армиясы диктатор Омар ал-Баширди 2019-жылдын апрель айында массалык нааразылык акциялары маалында тактыдан кулаткан. Ал 30 жылдан ашык өлкөнү башкарган.

Судандагы кырдаал 15-апрелде курчуп кеткен. Андан кийин өлкөнүн бир катар аймактарын камтыган армия менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосунда кагылышуулар башталган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Суданда согуш башталгандан бери 600дөн ашуун адам каза болду. Бир нече өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өз мамлекеттеринин жарандарын эвакуациялоону ишке ашырышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости