www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адаттагыдай жаңы жылдык майрамдын алдында,чогуу иштешкендер менен корпаратив кече болду.Кафеден чыгып эле жолдо тизиле турган таксилердин бирине, үйгө жетүү үчүн түштүм.Үйгө жеткенче айдоочу жигит экөөбүз ар нерсени кобурашып өлтүрүп келик да,ак жол каалап,акчасын берип түшүп калдым.Эртеси таң эрте кайрадан жумуш күн эле,шашыла чыгып,аялдамага келсем баягы такси айдаган жигит мени кутуп турганын айтып,жеткирип коем деди.Менин таксиге эмес автобуска гана акчам бар,дегенимде,мен сизден акча сураганым жок,жөн гана жеткирем деди.Экөөбүз жумушка жеткенче шаардын ызы-чуусун,ар кандай көйгөйду айтып бардык.Кызыгы менин атымды же номеримди да сураган жок.Ал күнүм ошол жигитти ойлоо менен кеч кирди.Кайрадан кечинде үйдү коздоп,чыксам аялдама,баягы такси көзгө чалдынды.Бул ирет макулдугумду бербестен автобусга түшүп кеттим.Келип аялдамадан түшсөм такси турат.Үйүм аялдамадан алысыраак болгондуктан, жеткирип коем деп жолумду тороду.Макул болуп тушуп,үйгө келгенимде номеримди сурап калды.Мен бербейм дегенден кооптонуп берип түшүп кеттим.Үйгө киргенде эле кабарлама келди.Сизди жолуктурганыма кубанычтамын деген....Ошол күндөн тарта ал экөөбуз өтө ынак болуп сүйлөшүп калдык .Жүрөгүмдө Султан атту ысым оорун алды.Сагынган учурунда кунбу, тунду чалып сагынганын,суйуусун айтып бүтпөйт...
Ошондой бактылуу күндөр менен арадан алты ай убакыт өттү.Бир куну жумушта олтурсам белгисиз бир номерден бир кыз байланышып,Султандын келинчеги болоорун,эки уулу бар экенин,менин смстеримди дайым окуурун,мени андан алыс жүрүүмду талап этти.Менин жашоомдогу эң оор,учур ошол минуттар болду.Чындыкты билүү үчүн Султанды жолугууга чакырдым.Ал мага күндөгүдөй шайыр, сүйкүмдүү көздөр менен жакылдап кирип келди.Менин ага берген суроомо эч ойлонбостон экөөңдү тең сүйөм!-деп жооп берди. Мен ар дайым,анын жалгыз сүйүүсүндөй жүрөөр элем.Бул учурда аны жек көрүп да,сүйүп да турдум.Андан ажыроо мага канчалык оор болсо,аны менен бир болуу андан да оор болду.Бир чындыкды билгенимде,жашоодо батпай турдум.Чындап үй-бүлөөсү бар экен Мага экинчи аял болуу сунушун айтты. Баардыгынан башымды тартып,балдарын,келинчегин аяп,б актылуу болушун каалап кетип калдым. Ошондой кыйын күндөрүмдү унута албай жүргөн элем.Арадан бир ай өтпөй мени алып качып кетти. Босогону аттап кете алган жокмун.Оорун алып ал үйгө очор-бачар болуп аралашып, турмуштун арабасын тартып,жашап калдым. Жолдошум жакшы адам болду .Бир уул,бир кыздуу болдук. Жашообузда баардыгы шүгүр. Кээде жүрөгүмдө калган ошол такси айдаган жигитти эстеп калаар элем. Бирок, жакында бир тойдон баягы Султанды кезиктирип калдым. Экөөбүзгө сүйлөшүү да мүмкүндүгү болду.Жанындагы жандаган сулууну көрүп,келинчегин татынакай экен, анда мени неге жандаган элен?-дедим. Келинчеги менен ажырашып,өзүнөн жаш кызды сүйүп калып ага үйлөнгөнүн айтты...Ошол жанындагы жандаган сулууну көзүн май басып сүйүп калганын белгиледи...
Ошондо мен да баарын түшүндүм.Учурунда көзүмду май басып,мен да аны сүйгөнүмө таң калдым? Мен аны чындап унутканымды сездим, жек көрүп турдум.......анча мынча каталары болсо жөн ган окуп койгула.
Диля Атабекова,
Булак: NazarNews.kg