www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык сотунун чечими менен белгилүү ырчы жана куудул Жеңишбек Айтиев КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) менен 4 жылга эркинен ажыратылды. Жыйынтыгында ага карата 63-берене колдонулуп, 1 жылдык сынак мөөнөт менен шарттуу соттолду. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.

Ырчы камакка алынган жок. Өкүм 2018-жылдын 12-январында чыккан.
Окуя тууралуу:
Ж.Айтиев 12 жаштагы уулу Туратбекти өлтүргөн кылмышкердин атасы менен чырдашып, бычак көтөргөн. Бычак кылмышкердин атасынын колуна сайылган болчу.
Азырынча ырчы менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

12 жаштагы Туратбектин өлүмү:

2016-жылы 21-октябрда саат 12:30 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош шаарындагы Гастелло көчөсүнүн жашоочусу кабар берип, өспүрүм баланы белгисиз бирөө бычактап кеткенин айткан.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери, оперативдүү тергөө тобу жана Ош ШИИБдин жетекчилиги барып, аталган көчөдөгү №1 «Б» дарегиндеги үйдүн алдынан табылган дене жергиликтүү тургун — 2004-жылы туулган Т.Айтиев экени аныкталган. Бул дарекке келген медицина кызматкерлери анын каза болгонун билдирген эле. Маркум өспүрүмдүн көкүрөгүндө жана моюнунда бычактын бир нече изи болгон.
Анын өлүмүнө шектелип кошунасы А.Н. окуядан көп узабай колго түшүрүлгөн болчу.
Туратбектин 2 иниси жана 1 карындашы бар.

2017-жылы 24-январда Ош шаардык соту айыпкерди өмүр бою эркинен ажыраткан. Шектүү тарап буга макул болбой, облустук сотко арызданган эле.

9-мартта Ош облустук соту Туратбек Айтиевди өлтүрүүгө айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган адамга карата чыгарылган өкүм өзгөртүүсүз калтырылган.Шектүү — 1994-жылы туулган А.Н. Россияда иштеп жүрүп, окуядан 1 ай мурун кайтып келген. Ал кармалган учурда колуна бычак кармап жүргөн. Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө: «Ал (каза болгон бала) үйүмө келип, тамагыма уу салайын дегенде подъездден кармап алып бычактап салдым», - деп айткан.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости