www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад областынын өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаарындагы, Сузак районундагы бардык постторду толугу менен карап чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданттын басма сөз кызматы билдирди.
"Ал Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков, областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары менен жолугуп Сузак районундагы өзгөчө кырдаал киргизилген айылдардагы коопсуздук маселесин талкууулашты. Алар жарандардын кайрылуусу, алардын көйгөйүндө эмне маселелер чечилип, эмне маселелер чечилбей жаткандыгы менен таанышуу менен бирге элдин көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун аныкташты.
260 миңден ашуун калкы бар Сузак районунун элинин турмуш тиричилиги областын борбору Жалал-Абад шаары менен тыгыз байланышта болгондуктан, Жалал-Абад шаарына кирүүчү блок-постордон элдин кирип-чыгуу маселеси күндүн талабы экендигин баса белгилеп, бул багытта өзгөчө көнүл буруу менен эл арасында көйгөйлөрдү жаратпоо, элдин ар бир кайрылуусуна жооп берүү, жардам көрсөтүү жана пайда болгон жагдайларды мыйзам чегинде чечүү талаптары коюлду.
Ошондой эле азык-түлүк менен камсыздап жаткан жүк ташуучу унааларды өткөрүп, мал жайын жайлоого алып кеткен жарандарга жардам берүү, посттордо үзгүлтүксүз дезинфекция иштерин жүргүзүү керектиги баса белгиленди", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg