www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Казакстандын Нур-Султан шаарында жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратын куруу иштери жүрүп жаткан учурдагы видео-тасмасы тарап жатат. 

Ал видео-тасмада оорукана шаардын четинде курулуп жатканы жана аны ишке берүү мөөнөтү 15 күн экени айтылат. Бирок, Казакстан бийлиги бул тууралуу расмий маалыматын бере элек.

Белгилей кетсек, Казак бийлиги 4-апрелден тартып бир миллиондой эл жашаган Чымкент шаарын карантинге жабат. Өзгөчө абал режимин сактоо боюнча мамлекеттик комиссиянын ыкчам штабы тараткан маалыматта бул шаарда коомдук транспорт таңкы 7ден кечки 7ге чейин гана жүрөрү, зарыл иши болбосо жарандар көчөгө чыкпашы керек экендиги айтылат. Ошондой эле 55 жаштан өткөн жарандар үйдө отурууга милдеттендирилди.

Буга чейин Нур-Султан, Алматы баштаган сегиз шаар карантинге жабылган жана аларга кирип-чыгуу чектелген.

Казакстанда коронавирска байланыштуу жагдайдан улам 16-марттан тартып өзгөчө абал жарыяланган.

Соңку маалыматка ылайык, Казакстанда коронавирус 453 адамдан табылды. 6 бейтап каза болуп, 30дай киши айыгып чыкты.

Последние новости