www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун Минск шаарында өткөн эл аралык мелдеште "Ерем" спортклубунун өкүлү Азат Усеналиев чемпион болду. Бул тууралуу "Ерем" спортклубунун машыктыруучусу Шайлообек Атазов билдирди.

Анын маалыматына караганда, "А" категориясындагы бокс боюнча эл аралык мелдеш 11-17-ноябрь күндөрү Беларустун Минск шаарында өткөн.

Азат Усеналиев Испания, Беларусь, Украина мушкерлерин утуп, финалга чыккан. Финалдык беттеште англиялык мушкерди жеңип чемпиондук наамга ээ болду. Бул турнирдин жеңүүчүлөрү алдыда Токио Олимпиадасына лицензия берилүүчү турнирлерге жолдомо алышты. Токио Олимпиадасына Кытай жана Франция мамлекеттеринде лицензиялык чемпионаттар өтөт. Кыргыз мушкерлеринин Токио Олимпиадасына лицензия утуп алуусуна тилектеш болуп, чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз.

Белгилей кетсек, 11-17-ноябрь күндөрү Советтер Союзунун Баатыры В.И.Ливенцевдин жаркын элесине арналган XVII эл аралык мелдеш Минск шаарында өткөн. 21 өлкөдөн келген 120 мыкты бокс чеберлери турнирдин жеңүүчүсү наамын алуу үчүн күч сынашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости