www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мухаммедкалый Дүйшекеевич, жакында премьер-министр болгонуңузга 2 жыл болот”. Бүгүн, 28-ноябрдагы парламенттин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында ЖК депутаты Тынчтык Шайназаров өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин мөөнөтүн эске салып, бул убакыттын ичинде ага кирип эч нерсе суранбаганын кыйытты.

“Себеби, сиздин кол алдыңызда мамлекеттик органдардын жетекчилери иштейт. Биз аларга кайрылабыз. Мына ошолор сөз бергенден кийин, ал сөзүндө турушу керекпи?... Ооба, а эгер жасай албаса, ал сөз бербеши керек! Сиздин министрлериңиз, жетекчилериңиз айткан сөзүндө турбайт. Муну мен жалганчы деп эсептейм”, -дейт эл өкүлү.

Шайназаров муну менен катар бир жыл мурда Нарындагы бажы кызматы тарабынан 1500дөн ашык эшектин терилери кармалганын эске салды. Ошондой эле ал эшектин эттери кайда экенине кызыкты. Депутаттын айтымында, ондатра териси деп, эшек терилерин жүктөп алышкан. Ал документтерди болсо Ветеринардык кызматтын жетекчиси даярдап берген. Ошондой эле буга убагында финпол иш козгоп, бирок кийин кыскартып койгонун билдирген.

Мындан улам залда олтурган Ветеринардык кызматтын жетекчиси Калыс Жумаканов, документтер тирүү малга даярдалганын айтып актанууга аракет кылса, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бакир Таиров “ооба иш козголгон, анан кыскарган”, -деп гана кыска жооп кайтарды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости