www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Бишкекте Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги саммити өтүп жатат. Бул саммитти чагылдыруу үчүн 130 жергиликтүү журналист жана 135 чет элдик ЖМКнын өкүлдөрү аккредитациядан өтүшкөн.
Эске салсак, Бишкекте бүгүн, 28-ноябрда, Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы башталды.
Программага ылайык, саммит тар жана кеңири форматта өтөт.
Жыйынга Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Жамааттык коопсуздук кеңешинин Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышууда.
Жамааттык коопсуздук келишим уюму – «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм.
Булак: NazarNews.kg