www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин кечээки, 27-ноябрдагы жыйынында «Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, анын концепциясын добуш берүүгө жөнөттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, талкуу учурунда депутат Таалайбек Масабиров азыркы учурдагы аялдарды эркектер эмес, аялдар күйөөлөрүн таштап кетип жаткан учурлар бар экенин айтты.

Сот департаментинин өкүлү ушул тапта аялынан алимент алган 142 эркек каттоодо турганын жана кандайдыр бир себептер менен алимент өндүрүүгө кайрылбаган жарандар да бар экенин кошумчалады.

Статистикалык маалыматка таянсак, акыркы 3 жылда ажырашуунун санынын өскөнү байкалат. 2018-жылы өлкөдө 49579 нике жана 10434 ажырашуу катталган. Мамлекеттик органдарга ажырашуу боюнча 11700 аткаруу документи келип түшкөн.

Мындан сырткары, 28937 аткаруу документти акыркы жылдан калып калган. Сот аткаруучуларында алимент боюнча 40637 карызкор эсепте турат. Ал эми 831 алимент төлөбөгөн адам издөөдө экени катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости