www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" картинасы Россияда өтүп жаткан XXIX "Киношок" ачык фестивалында дароо эки сыйлыкка татыктуу болду. Бул туурасында Төлөмүш Океев атындагы киностудиянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Толук метраждуу фильмдердин сынагында калыстар тобу Артур Аманалиевди "Шамбаладагы" баланын образын чеберчилик менен көркөм ачып бергени үчүн сыйлады. 

Белгилей кетсек, "Шамбала" Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.

Ал эми "Мыкты музыка" сыйлыгы композитор Мурзали Жээнбаевге ыйгарылды. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости