www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында каракчылык кылган адам кармалганын Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылып, 22-октябрда анын 13 жаштагы кызы алардын азык-түлүк дүкөнүндө кадимкидей иштеп жаткандыгын айткан. Болжол менен саат 10:00 чамасында белгисиз адам кирип, жашы жете элек кызды бычак менен коркутуп, бир нече эсептегичтерди талкалап, тамак-аш азыктарын ээлеп алгандан кийин, белгисиз тарапка чыгып кеткен. Кетердин алдында белгисиз адам кечинде келип, баарын өлтүрөм деп коркуткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 202-берене, 3-бөлүгүнүн 3-пункту (куралды же курал катары колдонулуучу предметтерди колдонуу менен жасалган тоноо) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери кылмышка шектүү адамды кармады. Ал Каракол шаарынын 38 жаштагы тургуну Д.К. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайына сот тарабынан алдын алуу чарасы көрүлгөнгө чейин жайгаштырылды. Тергөө иш-чаралары уланууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости