www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Антибиотиктер коронавируска каршы иштебейт жана аны алдын алуу үчүн дагы пайдасыз. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы микробиологу Роман Козловго таянып РИА Новости жазды.
"Кандай гана антибиотик болбосун, вирустарды жок кыла албайт. Адам аны себепсиз иче берсе микроорганизмдер ага көнүп алат да, кийин чындап антибиотик керек ооруларга чалдыкканда пайдасы тийбей калат. Экинчиден, антибиотик эч бир бактериялык илдеттерди дагы алдын ала албайт", — деди Козлов.
Андыктан адис эч бир медициналык препаратты өзү билемдик менен пайдаланбоого чакырат. Анын айтымында, дары-дармектер дарыгер сунуштабаган учурларда жөн гана пайдасыз болбостон, ден соолукка чоң зыян алып келиши мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg