www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 21-октябрына карата республикалык бюджетке 6 миллиард 881 миллион сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул 2019-жылдын деңгээлинен 2 миллиард 710 миллион сомго аз. Учурдагы кырдаалга байланыштуу COVID-19 пандемиясынын кесепетинен өлкөдөгү бюджеттин кирешеси төмөндөгөн. Ушул себептен, өкмөттүн социалдык кепилдиктерин аткаруу боюнча чыгашалардын корголгон беренелери боюнча милдеттенмелерди аткаруу биринчи кезекте республикалык бюджеттен каржыланат.
21-октябрда төмөнкүлөр төлөндү:

  • мамлекеттик сектордун эмгек акысы үчүн – 1 миллиард 460 миллион сом;
  • пенсияга – 1 миллиард 834 миллион сом;
  • социалдык төлөмдөр – 769 миллион сом;
  • саламаттыкты сактоо үчүн – 883,5 миллион сом

Жалпысынан октябрь айынын башынан бери 6 млрд. 144 миллион сом сарпталды. Бул чыгымдардын бардыгы өз максатына ээ жана “2020-жылга республикалык бюджет жөнүндө” мыйзам менен бекитилген. 

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости