www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандын түндүк-батышындагы Вахан коридорунда жайгашкан аймактарды байырлаган кыргыздар талибдерден кооптонуп, Тажикстанга кире качканы тууралуу маалыматтар чыгууда. Кыргызстан этникалык кыргыздарды алып келүүнү көздөп жатканы белгилүү болду.
Памир кыргыздарын көп жылдан бери изилдеп жүргөн профессор, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов Оогандагы кыргыздардын тарых-таржымалы, азыркы жагдайы тууралуу айтып берди.
--"Памир кыргыздарынын, айрыкча Вахан коридорунда жашаган кыргыздардын тарыхы тууралуу Кыргызстанда ар кандай туура эмес маалыматтар айтылып жана жазылып келет. Алар кечээ эле совет доорунун алгачкы жылдарында, же болбосо колхоздоштуруу мезгилинде ошол жака качып барып олтуруп калган эл сыяктуу ойлой беришет. Кайра көчүрүп келсе боло тургандай эле ойлошот. Бул таптакыр туура эмес.
Себеби, ошол жерде жашаган кыргыздын ичкилик уруулары адам жашабаган Памирди өздөштүрүп, ошол жерди адам жашай турган эко-системага айландырган эл. Автохтонный деп коет илимде, ошол жердин жергиликтүү адамдары. Көчүп барып туруп калган адамдар эмес алар. Аймакта кыргыздар бар экенин билгенден соң гана Кытай тараптан, Пакистандан, Ооганстандын ички түпкүрүнөн, Мургабдан, Алайдан көчүп баргандар болгон. Аларды өз алдынча “Алайчы”, “Мургабчы”, Кытайдан келгендерин “Дан башчы” деп бөлүп коюшат", - дейт тарыхчы.
Булак: NazarNews.kg