www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Латын алфавитине өтүү керекпи? Бул маселе учурда коомчулуктун эрмегине айланды. Түрдүү талкуулоолор болуп жатат. Антсе да талаштан тактык жаралат эмеспи. Бул багытта биз менен Тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов ой бөлүштү.

- Агай, азыр элдин көбү телефон, компьютер колдонуп калышпадыбы. Муну эске алганда кыйынчылык жаратып калбайбы? Кат жазышуу, алышуу деген болот...

- Тескерисинче, телефон менен компьютердин клавиатуралары ошол латын тамгаларына ылйыкташтырылып жасалып жатат. Латынча жазган кайра ыңгайлуу.

- Өзңүз айтып жаткан тарыхка кайрыла турган болсок, кыргызда Орхон Енисей жазуулары болгон. Бирок, кийин арабча, андан соң латынча анан кириллицаларды колдонуп келдик. Эми болсо...

- Ушулардын баары биздин тарыхыбыз. Анын баарын өчүрүп салып эле жаңы бир арипке өтүүгө милдеттүү же мажбур эмеспиз. Тескерисинче ал тарыхыбызды эстеп, унутпай жүрүүгө милдеттүүбүз. Латын арибине өткөн күнү деле орус арибин унутпай кошо алып жүрүүгө милдеткербиз. Китептин оргиналы деген болот. Мисалы, азыркы орус тамгасы менен жазылган китепти латын тамгасына которгон күнү ал оригиналындай болбой, мааниси жоголуп кетиши мүмкүн. Миңдеген, миллиондогон сөздөрдөн турган китептерди кийин келечек муундар окуй албай кала турган болсо, көп баалуулуктарды жоготуп жатпайбызбы. Ошондуктан өзүбүздүн улуттук Орхон Енисей жазууларыбызды дагы жандандырып, аны дагы ала жүрүүбүз керек. Ал биздин мурасыбыз, байлыгыбыз.

- Ага көп убакыт талап кылынса керек?

- 15-20 жылда акырындап өтүп кетсе болот. Көпчүлүгү ойлойт, бир 30 чакты тамгадан турган эле алфавитти түзүп алып, ошону колдонсок оңой болот депчи. Жо-ок андай болбойт. Ал чо-оң маселе. Муну силерде чыгара турганга мүмкүнчүлүк болсо кенен олтуруп түшүндүрүп, айтып бериш керек го.

- Макул анда кийинкиде дагы улантууга аракет кылалы. Биздин сурообузду четке какпай убакыт бөлгөнүңүзгө ыраазычылык билдирем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости