www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Памирдеги бир карыя каза болгондо, жашы 130 болсо керек дешкен дейт профессор, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов.  

--"Америкалык антрополог окумуштуу Назиф Шахрани деген кыргыздардын жана вахандардын Памирге адаптация болушу деген маселени изилдеген. Кечээ эле көчүп барып, адаптация болду деп түшүнүүгө болбойт. Себеби, кылымдар бою жүргөн адаптация бар да, ошону этнологиялык жактан изилдеген.

Алардын жазганына караганда, адамдар Памир экосистемасынын бир бөлүгү болуп, ошол жерде жашап, маданият жаратып, башкаларга караганда өмүрү узун болгон.

Анан эми азыр айтып жатышпайбы, "кырк жашында эле антет-мынтет”, “элүү жашында эле өлүп калат экен” депчи. Мен башка мисалдарды келтире алам, ал жерде узак өмүр сүргөндөр болгон.

Памирден көчүп барып, Ванда жашап жаткан Конокбай деген акебиз 108 жашында каза болду. Азыр 101 жаштагы Айтаажы деген киши бар. Көзү көрбөй калыптыр, өзү аман-эсен жашап жатат. 90-80 жашка келген кишилер абдан көп. Ошол жашты Памирде эле жашашкан. Бараханбек деген киши жашап өткөн экен. Мен барганымда 114 жашында деп жерге бердик. Анын жашы 130 болсо керек деп айтышканда, абдан таң калгам. Көрсө, Памирге адаптация болгондон кийин, ошол жерде бала төрөп, чоңойтуп, жаратылыш менен биригип калгандан кийин адамдар өмүрүн узун жана бактылуу жашашкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости