www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Памирлик кыргыздар Нарынга адаптация болгон жок. Мындай пикирди тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов айтты.
--"Мен оогандык кыргыздар көчүп келген жерде 40 күн жүрдүм. Күндө алардын үйүнө барып, сүйлөшүп жаттым. Айрым суроолорду берип жаттым. Адаптация деген бир күндө, бир жылда, он жылда эле болуп калбайт. Мен ушул жердин адамымын деп ошол жерден өнүп чыккан дарак сыяктуу болуп калганга чейин жылдар өтөт.
Ошол жерде туулган эле бала толук адаптация болбосо, эс тарткандан кийин келген киши чет элдиктей болуп эле жүрө берет. Эгер чынын айт десеңер, булар Нарынга адаптация болгон жок, боло албайт дагы болчу", - дейт Кайыпов.
Булак: NazarNews.kg