www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 13-августта жыйынга чогулуп, 2040-жылга чейинки стратегияны кабыл алды. Жыйында президент Сооронбай Жээнбеков «өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын эң башкы айырмасы адамдын дараметин өнүктүрүүгө багытталганында болот» деп айтып, сүйлөгөн сөз менен кылган иш бир болушу керектигин белгиледи.

Дал эле ушуну күтүп тургандай Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясьшыа лидери Алтынбек Сулайманов өнүгүү стратегиясын сынга алды. Башкача айтканда эл өкүлү өз сөзүндө: «Айтканын аткарбаганды эл да сыйлабайт. Эгер биздин айтканыбыз башка, жасаганыбыз башка болсо бизди ким “жигит” деп айтат?

Бул документте экономикалык жана саясий абал камтылган эмес. Айрыкча тышкы карызыбыз тууралуу сөз жок. Дүйнөдөгү саясий-экономикалык абалдын бизге таасири тийбейт деп айта албайбыз», -деп маселени кабыргасынан койду. Сулаймановдун минтип азуу көрсөткөнүнө караганда президенттин сөзү менен иш айкашпай жатканына ичи чыкпай калган өңдөнөт.

"Ачык саясат плюс" гезити

Последние новости