www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камактагы Өмүрбек Текебаев учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук кардиология жана терапия борборунда стационардык дарылануудан өтүп жатат. Маалыматка ылайык, 7-августта медициналык борбордо анын баш мээси, бел омурткасы текшерилди.
Ал 31-июлда Улуттук кардиологиялык борборго жаткырылган болчу. Маалыматка караганда, аны дарыгерлердин өтүнүчү менен ооруканага жаткырышкан, ошондой эле депутаттык комиссия дагы кайрылган.
Ушуну менен Текебаев саламаттыгына шылтоолоп эркиндикке чыгат деген пикирлер айтылууда. Ошол эле кезде бийлик Текебаевди чыгаруудан сактанып жатканы да кеңири талкууланып келе жатат. Сыягы, бийлик менен Текебаевдин кызыкчылыгы бир жерден чыкпай жатат өңдөнөт.
Болбосо Сооронбай Жээнбековго шайлоо каршы иштеп, ал түгүл бийликти басып алуудан кайра тартпай турганы аныкталып камакка алынган Канатбек Исаевди деле үй камагына чыкпадыбы... Бул кадамга президент Чүйдөн таасирин артыруу үчүн таяныч кылчу адам таппай ушул нерсеге барганы айтылууда.
Булак: "Ачык саясат плюс" гезити