www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсиңердеби, баягы Бакиев доорунун Транспорт жана байланыш министри болгон Нурлан Сулайманов деген эргул. Ошол сыпайы мырзага карата Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүндө (кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган) көрсөтүлгөн кылмыш беренелерине ылайык, Транспорт жана байланыш министри болуп турган кезинде жасаган кылмыштары үчүн кылмыш иши козголгон эле.
Көрсө эргул Н.Сулайманов 249 млн. 675 миң 600 сомдук суммадагы республикалык бюджеттин эсебинен жол куруучу техникаларын жеткирүү жана жабдууларды пайдаланууда “ДорМашКомплект” ЖЧКсына артыкчылык берүү жана пайда алып келүү үчүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып жибериптир.
Мына ушул эргул ушу тапта ээн-эркин сайрандап жүрөт. Албетте, Ата-журтунан куулуп… Бирок, качанкыга чейин ушуга окшогондор сыртынан кылмыш иши козголуп коюп эле качкын атанымыш болуп жоопкерчиликтен четтеп жүрө берет?
Айтмакчы, Кыргызстандагы санаалаштарына Сулайманов “Алардын козгогон кылмыш ишин уруп да ойнобойм. Мен керек болсо соттон таптаза чыгам. Эч нерсени далилдей алышпайт” – деп дөөгүрсүгөнү жерге жатпай элге тарап кетти. Эми укук коргоо жана тиешелүү тармактап эмне деп жооп беришээр экен? Чын эле Сулайманов суудан кургак чыгабы?
Булак: "Де-Факто"