www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 27-июнда Бишкек шаардык сотунда Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү Кубанычбек Кадыровдун, Бектур Асановдун, Эрнест Карыбековдун жана Дастан Сарыгуловдун иши боюнча соттук отурум болду. Соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Бул тууралуу айыпталуучулардын жубайлары – Алтынай Эркебаева, Жаңыл Кумашева, Элмира Карыбекова билдиришти. Ошондой эле алар жолдоштору менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтышып, нааразы болушту. “Соттор мыйзамдарды одоно бузуп жатышат. Бизди такыр жолуктурбай жатышат”,- дешти алар. Эске сала кетсек, Биринчи май райондук соту Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду бардык беренелер боюнча айыптуу деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга кескен.

Ал эми Эрнест Карыбеков мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилген. Буга макул болбогон жактоочулары Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

Эске салсак, 2016-жылдын 12-мартында УКМКнын тергөө башкармалыгы бийликти күчкө салып басып алууга даярдоо фактысы боюнча топтолгон материалдардын негизинде К.Кадыровго, Б.Асановго жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 27-жана 295-беренелерине ылайык кылмыш ишин козгогон. Ал эми 21-мартта интернетте Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев менен Бектур Асановдун бийликти басып алуу боюнча сүйлөшкөн делген видеосу тараган. Анда алар бийликти басып алуунун жолдорун жана акчаны бөлүштүрүүнү талкуулашкан.

Бирок оппозиция өкүлдөрү аталган видео монтаж экенин билдиришкен. 24-мартта Кадыров менен Асанов УКМКга жеткирилген жана тергөө иштерин жүргүзгөндөн кийин, көрсөтүлгөн адамдар КР Жазык-процесстик кодексинин 94- беренесинин тартибинде шектелүүчү катары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости