www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-июнда бул мейманкана таң эртенден тарта курчоого алынды. Милиция эшикти талкалап кирип, эч кимди чыгарбай да, киргизбей да койгондугун алгач мейманкананын башчысы Руслан Сарымсаков билдирди. Ошол эле замат милиция менен кошо Мамлекеттик мүлк боюнча фондунун кызматкерлери кошо келген. Өзүн “Ленин РИИБден келдим, фамилиям Козубаев”- деп тааныштырган адам жетекчиликтин көрсөтмөсү бар экендигин айткан. Маммүлк муну өкмөткө шылтап жатат – анда мейманкананы мамлекеттин менчигине берүү туурасында айтылган дешүүдө. Милиция эшикти талкалап кирип, “бул коомчулуктун коопсуздугу үчүн” жасалды деп түшүндүрдү.

Андагылар кире да, чыга да албай жатышат”,- деди Сарымсаков. Бул мейманкана тээ Акаевдин доорунан бери түрк ишкерлери менен талаш болуп, 2005-жылы март ыңкылабынан кийин Р. Сарымсаков аларды кууп чыгып иштетип аткан болчу. Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматында, мейманкана мамлекеттин каражатына курулган. Жакында мамлекеттин карамагына өткөрүп берүү боюнча соттун чечими да чыккан болчу. Бирок бул мейманкана акыркы кезде оппозициянын штабына айланып, президенттикке талапкерлердин көптөгөн иш-чаралары өткөрүлүп жаткан.

Балким, дал ушул жагдай мейманкананы тартып алуунун башкы себеби болгондур?

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости