www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Университеттердин макамын өзгөртүү зыяндуу көрүнүш эмес, бирок ушундан сөзсүз ийгилик жаралат деп айтууга да болбойт», - деди бүгүн, 20-июлда NazarNews маалымат агенттигине филология илимдеринин кaндидaты, тaрыx илимдеринин доктору
- Сулайман агай, табиятыңыздан агартуучусуз. Окуу жай маселесин түпкүрүнөн түшүнөсүз. Айрым университеттер бириктирилип, беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилмей болуптур. Бул билим берүү системасын оң жолго салган туура кадам деп ишенсек болобу?
- Университеттердин макамын өзгөртүү зыяндуу көрүнүш эмес, бирок ушундан сөзсүз ийгилик жаралат деп айтууга да болбойт. Окуу пландары (учебные планы) биздин рыноктун талабына жараша, студенттердин менталдык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлмөйүнчө, биздин жогорку окуу жайлар (макамдары өзгөртүлсө да, өзгөртүлбөсө да) студенттерди коррупциялык жол менен кабыл алып, төрт жыл бою коррупциялык жолдор менен кармап туруп, анан диплом жазып берип, эмне болсоң ошо бол деп жолго салган мекемелер бойдон кала берет.
«Заказчик» бул - рынок болушу керек, рыноктун талабы стандарт болуп эсептелиши зарыл. Азыркы стандарттар жаштарды кесипсиздикке алып барат. Ал эми рынок кесипкөйлөрдү сүйөт. Заманбап кесиптик-техникалык окуу жайларды өз алдынча өнүктүрүү зарыл. Жаштарды кесипке, кесиптин маданиятына даярдоо керек. Биздин окуу жайлардын жетекчилери бакалаврды эмгиче кесип экен деп ойлоп келишет. Сөз көп, бирок ким угат...
Булак: NazarNews.kg