www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары 1 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршы. Бул тууралуу депутат Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул аймак Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда эч качан талаш-тартыштарды жараткан эмес.
«Былтыр бул жерде жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыккан. Бирок жер эч качан талаштуу болгон эмес. Ошого карабастан, алар берүүнү чечишкен. Эмне үчүн талашсыз жерлерди берип жатабыз?», - деди Султанбай Айжигитов.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстан менен түзүлгөн келишимде Кемпир-Абад суу сактагычынан тышкары дагы үч суу ресурсу көрсөтүлгөнүн билдирген. Ал тактап айтканда, чек ара тилкесиндеги төрт суу ресурсу кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору: Орто-Токой суу сактагычы, Кемпир-Абад, Гавасай дарыясы жана Чечме булагы боюнча келишимге киргизилген.
Кыргызстан менен Өзбекстан Сох анклавына жакын Кадамжай районунда жайгашкан Чечме булагын биргелешип пайдаланууну макулдашты.
Булак: NazarNews.kg