www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаардагы ката жазылган жарнактарга ким чара көрөт?

Мамлекеттик тил мыйзамынын нормаларын бузгандыгы үчүн тогуз айда 1 миллион 548 миң сом айып салынган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Монополияга каршы кызматтын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Депутат Руслан Жакышов жарнак көрнөктөрүндөгү текст каталар менен жайгаштырылып жатканын белгиледи.

«Жарнамалардын тексттери же кыргызча, же орусча, англисче жазылганы түшүнүксүз. Грамматикалык каталар көп», - деди ал.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова агенттиктин жазалоочу функциясы жок деп жооп берди. «Ооба, каталар көп. Толук башаламандык. Бирок бизди эч ким укпайт», - деди ал.

Монополияга каршы кызматтын жетекчиси Кеңешбай Тайлаковдун айтымында, мамлекеттик тил мыйзамын бузгандыгы үчүн 2019-жылы 280 миң сом, 2020-жылы 917 миң, 2021-жылы 917 миң, 2022-жылы 1 миллион 548 миң сом айып салынган.

«Алардын арасында курулуш уюмдары, күйүүчү-майлоочу майларды саткан ишканалар жана башкалар бар. Айып пулдун көлөмү учурда жеке жактар ​​үчүн 5,5 миң сом, юридикалык жактар ​​үчүн 17 миң сом», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости