www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов социалдык тармактарда Баткен облусунда чек арада жайгашкан үйлөрдү сатуу тууралуу жарнамалар чыгып жатканын айтты.

Ал отурумда президент менен министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылып, бул маселени көңүл сыртында калтырбаш керектигин белгиледи.

«Акыркы кезде социалдык тармактарда Баткенде, айрыкча чек арада үй сатылат деген жарнамалар көп чыгып жатат. Бул кооптоно турган жагдай. Буга көңүл буруу керек. Муну эң жогорку деңгээлде жеке көзөмөлгө алуу зарыл. Болбосо ал жерде эч ким калбай калат», — деди ал.

Эске салсак, 16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Натыйжада Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылган. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондоруна караштуу 7 айылдын, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болгон.

Тажикстандын кол салуусунан 206 жаран жабыркап, 63 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости