www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эдил Байсалов НПОдо өсүп-өнүгүп, ушул жерде тайралаңдап жүрүп тепкичи жок эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровко  орунбасар болуп кеткен. Эми бийлик эмне десе түшүнүп, түшүнбөй туруп ошолордун айткандарын мактап, жактап бийликтин «эрке баласына» айланган. Азыр кармалгандардын негизги контингенти Эдил Байсаловдун коллегалары, пикирлештери, санаалаштары болуп эсептелет. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, саясатчы жана активисттердин кармалышы боюнча өз оюн билдирди.

Ал башка жарандар сыяктуу эле социалдык тармактардан камоолорду көрүп жатканын, бийликти басып алууга аракеттер болуп жатканын угуп жатканын, далилдерди күтө туралы деди. Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычына каршы чыккандарга ишенбөөгө чакырып, азыркы бийликтин туура жолдо кетип бара жатканын, колдоо керектигин билдирди. 23-октябрь күнү таңдан тарта Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү менен кошо пикирлештеринин бир канчасынын үйүн тинтип, суракка алды. Айрымдарын 48 саатка камакка алды.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын расмий ИИМ билдирүүдө.

Бул процесстерди тез арада токтотуу керек. Мындай пикирин депутат Чыңгыз Айдарбеков саясатчылардын массалык түрдө кармалышы боюнча комментарий берип жатып билдирди: «Болгон окуя абдан кейиштүү. Өлкөбүздө эч кандай саясий куугунтук болбошу керек. Бул маселе боюнча бийлик менен элдин ортосунда түшүнбөстүк бар. Кыргыз эли өнүгүүгө, өсүүгө, адилеттүүлүккө умтулат. Бийлик эл менен диалогго өтүшү керек. Диалог аркылуу гана биз бардык маселелерди чече алабыз, өлкөбүз өсүп, гүлдөп-өнүгөт.

Менин оюмча, бул процесстер ата-бабаларыбыздын элеси үчүн, келечек жана келечек муундар үчүн тез арада токтотулушу керек. Конституцияга ылайык, Кыргызстандын эли мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат. Баарыбыз мыйзам чегинде гана иш алып барышыбыз керек жана бири-бирибизге сый мамиле кылышыбыз керек», - деди Айдарбеков.

23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган. Ал эми, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эрлан Бекчороев, Айданбек Акматов, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Азимбек Бекназаров, Айбек Бузурманкулов, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Чыңгыз Капар, Али Шабдан уулу, Талант Эшалиев, Кубанычбек Кадыров 48 саатка камакка алынышты.

Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети 22-октябрда түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров Кабар агенттигине берген маегинде, Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.

10-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берген. Анда ал документке ылайык, чек арадагы талаштуу делген жерлердин көбү (жалпы 19 миң 699 гектар) Кыргызстанга өтүп, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери берилерин билдирген

Маселени караган эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети аталган келишимдин долбоорун жактырып берген. Бирок комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков келишимдин долбоору боюнча тармактык комитеттин чечимине кол койгон эмес. Айдарбеков анын себебин, аларга аталган маселе боюнча документтер толугу менен берилбегени менен түшүндүргөн. Ага байланыштуу 20-октябрда Чыңгыз Айдарбеков комитеттин төрагасы кызматынан чакыртып алынган.

Социалдык блокту жетектеген вице-премьер-министр Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековдун кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жөнүндө макулдашуу долбоорун колдоо боюнча комитеттин чечимине эмне үчүн кол койбогондугу боюнча түшүндүрмөсүнө жооп берген. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасында билдирген.

Чиновниктин айтымында, Чыңгыз Айдарбеков каалагандай каршы добуш бере алат, бирок көпчүлүк мүчөлөрү добуш берген комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү: «Анын акылсыз популизми жана жоопкерчиликсиз позициясы жок дегенде анын компетентсиздигин айтып турат. Бирок, кыязы, бул жерде жашыруун себептер бар», - деп жазган Эдил Байсалов.

Чыңгыз Айдарбеков журналисттерге түшүндүргөндөй, комитет жыйыны башталар алдында бул маселени күн тартибине киргизүү сунушталганда, депутаттар аларды изилдеп, чечим кабыл алышы үчүн документтердин толук пакетин сураган. Бирок комиссия мүчөлөрүнө документтер берилген эмес.

«Маселени кароодо жана талкуулоодо бизге оозеки түрдө гана толук маалымат берилди, картаны дагы көрсөтүштү. Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрүнүн пикирлери экиге бөлүндү. Алты парламентарий макул, төртөө каршы добуш берди. Мен каршы добуш бердим. Мен комитеттин чечимине кол койгон жокмун, анткени бул келишимдин долбоорун жактыруу боюнча формулировкага жеке мен каршымын.

Мен бул темадагы бардык кагаздарды окубай туруп, объективдүү чечим кабыл ала албайм. Белгилүү болгондой, депутаттар сүйлөшүү процесстерине катышпайт, биз өкмөттүк комиссиянын курамына кирбейбиз, мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдүн катышуучусу эмеспиз. Объективдүү баа бере алабыз, бирок документтерди изилдегенде гана», - деген ал.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости