www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Тышкы иштер министрлигин жана Кыргыз Республикасынын БУУдагы өкүлчүлүгүн сынга алып, алардан отчет талап кылды.

"Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын БУУдагы өкүлчүлүгү отчет бергиле, Мальдив аралдары менен визасыз режим боюнча келишимге кол койгондон башка эмнеге жетиштиңиздер?

1) Мисалы, Тажикстан БУУнун Терроризмге каршы бюросу менен биргеликте Душанбеде «Терроризмге каршы туруу максатында чек ара коопсуздугу (!) жана көзөмөл чөйрөсүндө эл аралык жана аймактык кызматташтык» деген темада Жогорку деңгээлдеги эл аралык конференция өткөрүүнү жарыялады. (!)».

Башкача айтканда, Тажикстан менен БУУ чек ара коопсуздугу боюнча конференциянын демилгечилери болушкан. Бул дүйнөлүк коомчулук чек ара коопсуздугуна биз эмес, Тажикстан кызыкдар деп эсептей тураарын кабар берет.

2) Тажикстан менен Нидерланды 46 жылдан бери биринчи жолу өтө турган БУУнун Бүткүл дүйнөлүк суу конференциясына даярдыктарды алып барууда! Биз бул жерде суу маселесин чече албасак да, Тажикстан менен Нидерланды БУУ менен биргеликте суу ресурстары тармагында иш-аракеттердин глобалдык механизмин даярдап жатышат.

3) Бизге жакынкы айларга эмнени пландап жатканыбыз айтылбайт. Ал эми Тажикстан БУУда 2025-жылды мөңгүлөрдү коргоо жылы деп жарыялоону сунуштап жатканын (кайрадан эле экология боюнча темабыз алынып жатат) бүткүл дүйнөгө жарыялап, 2027-2028 жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөтүүдө.

Биз көп нерсеге унчукпайбыз, көп айтпайбыз, көп жардам, кеп-кеңештерди сунуштайбыз, бирок биздин өлкөнүн жетекчилиги өзүн эң акылдуу деп эсептейт, анан кайда? Ушул агрессорлор менен биздин тараптан БУУ менен болгон ишти кантип салыштыра алабыз, алар тынч эле дипломатиялык иш-аракеттерди жүргүзүп, Орусия менен гана эмес, эл аралык коомчулукту да оз жагына тартууда.

Биздин оозубузду жаап, Мальдив аралдары менен гана келишимге кол койгондон коро, элди да угуп, конструктивдүү иштесеңиз, анда биздин олкобуз бардык нерселерден женип чыкмак.

Асманды курабыз, оппозиционерлерди кууратабыз дебей, иштегиле, колдоп беребиз!", - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости