www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жана экпортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алымбек Орозбковго катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек буга чейин интернет басылмаларында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жана экпортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиги 2016-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда «Супара» этнографиялык комплексинде форумдун катышуучулары менен болгон кечки тамакка 150 миң сом төлөгөндүгү тууралуу маалымат тараган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин чыгымдары жөнүндөгү маселе боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.
Иликтөөнүн жүрүшүндө Мамлекеттик агенттиктин документинде көрсөтүлгөн 2016-жылдын октябрында «Супара» этно-комплексинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков чет элдик делегация менен кечки тамактанууга катышкан деген маалымат чындыкка дал келбестиги аныкталды.
Кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алымбек Орозбековго катуу сөгүш жарыяланды жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы бухгалтеринин милдетин аткаруучу А.Акматалиевага тийиштүү бухгалтердик документтерди жасагандыгы үчүн жумуштан четтетүү чечими кабыл алынды.
Булак: "FAKT.KG"