www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдиктин тышкы байланыштар кызматынын башчысынын орун басары Жан-Кристоф Белльяр 7-8-июнь күндөрү Бишкекке расмий сапар менен келди.

7-июнда ал өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков жана тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова менен жолугушту. Жолугушууларда Белльяр Кыргызстанда демократиялык реформалар жүрүп жатканын кубаттады. Ал ошондой эле өлкөдөгү азыркы кырдаалды талкуулап, октябрь айында болуучу президенттик шайлоону ачык жана эркин өткөрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары Жан-Кристоф Белльяр Евробиримдик Кыргызстанга берип жаткан жардамды да белгилеп, мындан аркы кызматташууга даярдыгын маалымдады:

- Мени Кыргызстандын Евробиримдик менен кызматташтыкты бекемдөөгө аракет кылганы терең ыраазы кылат. Евробиримдик демократиялык эркиндикти, укук үстөмдүгүн жана базар экономикасын бекемдөөгө багытталган реформаларды колдоого даяр. Биз Кыргызстанды жана аймактагы башка өлкөлөрдүн кызматташтыгын кубаттап, колдойбуз.

8-июнда Жан-Кристоф Белльяр Евробиримдик жана Борбор Азиядагы коопсуздук жана саясат маселесине арналган диалогго катышат.

Булак: "azattyk.org"

Последние новости