www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаевдин соту «оюнга» айлангандай…

Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун соту өтүп жатат. Алгач адвокаттар соттун жүрүшүн видеого тартууга уруксат берүү өтүндү. Текебаев да сот процессин жалпы эл көрө алчудай түз эфирде көрсөтүлө тургандыгын айтты.

Мунун баарын прокуратура өкүлдөрү да, судья Эрнис уулу Айбек  да "иш саясатташты" деген жүйөнү четке кагып, видео, сүрөткө тыюу салуу тууралуу мурда кабыл алган чечимин күчүндө калтырды. Ошентип журналисттер аудиого жазууга уруксат алышкан. Анысы да жакшы угулбай жатат… Кандайдыр бир оюн жүрүп атат көшөгө артында...

Эскерте кетсек, 5-июнда Текебаев күбө катары Алмазбек Атамбаевди чакырууну суранган. Адвокаттар дагы Атамбаев баштаган бир топ саясатчыны чакыруу прокурорлорго сунушташкан. Мындай өтүнүчтү алар четке кагып, “аларды чакыруунун зарылчылыгы жок» дешкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости