www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө окуучу кыздар арасында аборт жасатуу фактылары өсүүдө. Бул тууралуу вице-премьер министр Элвира Сурабалдиева өкмөттүн жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
"Кош бойлуу болуп калган окуучу кыздар ата-энесинен бул нерсени жашырып, жеке клиникаларда аборт жасатып жатышат. Бул кыздардын келечекте төрөбөй калышына алып келиши мүмкүн" , - деген Элвира Сурабалдиева.
Вице-премьер министр мектептерде 7,8,9-класстар арасында этика боюнча программаларды киргизүү зарылдыгын белгилегени маалымдалат.
"Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мектептерде этика предмети 5- класстан тарта өтүлөрүн айтып, кыздарга сергек жашоо предметинин алкагында репродуктивдүү саламаттык боюнча курс бар экенин кошумчалады" , - деп айтылат маалыматта.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg