www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болбогон жерден борбор шаардын мэри болуп калган Азис Суракматов шаардагы экономикалык, социалдык көйгөйдү чечпестен эле, "отдель кадр" болуп эле, атка минерлерди алмаштырып - чалмаштыруу менен алек болуп жатат. Ал мэр болуп келгени Бишкектеги "майлуу" кызматтарда иштегендердин 80-90 пайызын алмаштырды окшобойбу.

Жакында "Бишкек жылуулук борборунун" директорун алып, "Бишкексетке" алып келди. Анын ордуна орун басар болуп жүргөн орус аялды дайындады. Ал эми Бишкектин Ленин районун 2016 - жылдан бери жетектеп келаткан аким Нурлан Тынаевди мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси кылып дайындады. Тынаевдин ордуна Биринчи Май районунун акими Токтосун Султановду алып келди, Ал эми Биринчи Май районунун акими кылып, Алыбек Биримкуловду бекитти. Ал буга чейин Сокулук, Панфилов райондорунда аким болуп иштеген.

Булак: Багыт.kg

 

Последние новости