www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баш калаадагы Максим Горький атындагы парк реконструкцияланып бүтө электе кемчиликтери табылып, аны четтетүү тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы бүгүн билдирди.
Мэрдин курулуш жана архитектура боюнча орун басары Уланбек Азыгалиев жумуштун бүткөнүн жана анын сапатын текшерип чыгып, кемчиликтерди тапты.
"Азыгалиев курулуштагы айрым кемчиликтерди таап, кээ бир жерлерге брусчаткаларды кайра төшөп, ирригациядагы майда мүчүлүштүктү четтетүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Паркта түркүн түстөгү жаңы брусчаткалар төшөлгөн. Ирригациялык системасы жаңыланып, суу лотоктору орнотулду.
"Чырактар коюлуп, жарыктандырылды. Отургучтар, таштанды челектер жаңыланган. Мурда орнотулган гранит бордюрлар калыбына келтирилип, бул аянттын көрүнүшүнө өзгөчө көрк берип калды", — деп белгиледи мэрия.
Паркты жаңылоо иши шаар мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен жүргүзүлгөн. Шаардык бюджеттен каржыланып, жети миллион сом сарпталган.
Жумуштарды "Береке Стрим" ишканасы жасаган.
Булак: NazarNews.kg