www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адахам Кимсанбаевич журналистиканын «желеткасынан» желпинип чыккандардын бири. Акаевдик экономикалык кыйынчылыктар башка түшүп жаткан заманда «Элим үчүн арабага чегилген ат болом» деп, мажоритардык шайлоо системасы боюнча  округдардан, канчалык бут тосулса да парламентке депутат болуп келе турган. Үзөңгү-Кууш Кытайга өтүп кетерде мыйзам чыгаруучу жыйында депутаттар тобу менен Акаевдик бийликке каршы чыгып, бирок алдары жетпей калган. Акаев бийликтен кеткен соң Акүйдөгү вице-премьер министр, мамлекеттик секретарь, Жогорку Кеңештин төрагасы, Коопсуздук Кеңешинин төрагасы  сыяктуу даамдуу кызматтарды  аркалап жүрдү. 2010-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясын түптөп, парламенттик шайлоого аттанып, бир-аз добушу менен шайлоодон өтпөй калат. 2011-жылы президенттик шайлоого аттанып, бир-аз добушу менен шайлоодон өтпөй, Атамбаевден кийинки экинчи орунду алат. 2015-жылы парламенттик шайлоого аттанып, бир-аз добушу менен шайлоодон өтпөй калат. 2017-жылы президенттик шайлоого аттанып, Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабановдон соң үчүнчү орунда алат. Бешинчи ирет парламенттик шайлоого аттанып, шайлоо марафонуна жетпей жыгылды. Эми алтынчы шайлоодон бак айтып калар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости