www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри Ерлан Тургымбаевдин буйругуна ылайык, "оралман" термини "кандаш" болуп өзгөртүлдү. 

Буйрук 2021-жылдын январь айында күчүнө кирет. Буйрукта көрсөтүлгөндөй кандаштар, тарыхый мекенине туруктуу жашоо максатында Казахстанга көчүп келишкен жана ушул мыйзамда белгиленген тартип менен тийиштүү даража алган, Казахстан эгемендүүлүк алган кезде чет жерде туруктуу жашашкан этникалык казактар жана Казахстан эгемендүүлүк алгандан кийин чет жерде төрөлүшкөн жана туруктуу жашап жатышкан казак улутундагы балдар болуп саналат.

Буга чейин мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев мекендештерди "кайрылман" сөзүнөн баш тартууга чакырган эле. 
"Мен мурда айткандай,  тарыхый мекенине кайтышкан казактарга карата айтылып келген "кайрылман" сөзүнөн баш тартып, анын ордуна "Кандаш" терминин колдонуу керек. Жети атасын билген элге "кандаш" деген сөз жарашат",- деген эле Президент.

"18.11.1991 жылы,  Н. Назарбаевдин демилгеси менен чет жерлердеги кандаштарды мекенине көчүрүү тууралуу КазССР Өкмөтүнүн токтому кабыл алынган. Бул кандаштарыбыздын тарыхый мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк берген маанилүү документ болду. 1991-жылдан бери Казахстанга 1 миллиондон ашык казактар көчүп келишкен",- деп жазган Касым-Жомарт Токаев.

Асейин Саралаев, Казакстан

Булак: NazarNews.kg

Последние новости