www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ- Абакта ундун  ичинен баңги зат табылды

КР ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча баӊги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Каракол шаарындагы №23 мекемесинин кызматкерлери менен бирдикте, абакта кармалгандарга баӊги затын өткөрүү учурунун алдын алышты. Бул тууралуу NazarNews.kgге аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, аларга Каракол шаарынын тургуну, «Саке» аттуу адам абакта кармалгандарга баӊги затын өткөрүүгө даярданып жатат деген маалымат түшкөн. Аталган маалымат боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышты турмушка ашырууну көздөп жаткан адамдын өздүгү аныкталып, ал Каракол шаарынын 26 жаштагы тургуну Ж. Максат болуп чыкты.

«Каракол шаарындагы №23 СИЗОнун кабыл алуу бөлмөсүндө, абакта кармалгандын бирөөсүнө тамак-ашты өткөрүп жаткан учурда, ундун пакетинин ичинен, катылган 40 грамм гашиш баӊги заты табылып алынды.

Аталган факт, Каракол ШИИБдин КЖБРге катталып, Жазык кодексинин 268-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды», - деп билдиришти милиция кызматкерлери.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости