www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык шылуун Маевскийдин көргөзмөсү менен камакка алынып, кийин үй камагына алынган Текебаевге мыйзам тарабынан коюлган чектөөлөр менен көпчүлүк тааныш болбосо керек. Мыйзамга ылайык Текебаев кечки 22-00дөн эртең мененки 06-00гө чейин үйдөн чыкпоо, компьютер, телефон колдонбоо, Бишкек шаарынан сыртка чыкпоо. Текебаевге алдыдагы парламенттик шайлоодо Ата Мекен партиясы утуп чыгаарына ишенет.

Бул ишеним саясатчыга жергиликтүү сайттардын биринин жүргүзгөн сурамжылоосу себеп болуптур. 7 облустан алынган сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча КСДП, Ата Мекен жана Республика партиялары алдыңкы 3 орунду багындырышкан. Ошого ишенген Текебаев "КСДП менен Республиканын электораты Ата Мекенге оойт" деп ишенимдүү олтурат.

Анткени, КСДП так ортосунан экиге бөлүнүп, партия мүчөлөрү туш тарапка таркап, акчалуулары ар бир партиянын эшигин каккылап жүрөт. Республика партиясынын болсо лидери алмашып, мурунку эл ишенген лидери Кыргыз-стандан тыш.

Булак: "Факты.kg"

 

Последние новости