www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда рак менен ооруган 500 адам каза тапты

Жалал-Абадда 2019-жылы залалдуу шишик оорусунан жабыркаган 505 бейтап каза болду. Анын үч жүз элүүдөйүн аялдар түзөт. 2019-жылы рак менен ооругандардын ичинен көкүрөк безинин шишиги менен жабыркагандар көп катталган. Бул дартка чалдыккандар менен иштешкен чыныгы онколог адистер да жетишсиз. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Маалым болгондой, 2019-жылы залалдуу шишик оорусу менен жабыркаган 769 бейтап белгилүү болуп, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Бул дарт Жалал-Абад, Кара-Көл шаарларында, Ноокен, Ала-Бука райондорунда өскөн. Жаңы катталган бейтаптардын ичинен терминалдык абалда 252 адам катталган. Бүгүнкү күндө жалпысынан 2527 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Катталгандар негизинен көкүрөк безинин, ашказандын, жатын моюнчасынын залалдуу шишиги жана боордун рагы менен жабыркашат.

Облустук үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Гүлнара Маматалиеванын айтымында, облуста онколог адистигин алып келген дарыгерлер жетишсиз. Учурда облуста болгону 3 онколог адис бар.

«Чынында бизде онколог адистер жетишпейт. Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон райондорунда гана онколог адистер иштейт. Ала-Бука, Чаткал райондорунда жана Таш-Көмүр шаарында адистер жок. Калган район-шаарларда травматолог, хирург сыяктуу башка адистерге 0,5 штат берип, иштетип жатабыз. Жылда Ош жана Бишкек шаарларында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте медициналык адистикти бүтүп жаткан бүтүрүүчүлөр менен жолугушуп, аларга шарт түзүлөт деп айтып келе жатабыз. Бюджеттик негизде окугандар гана келип иштеп кетүүдө. Адистерди тартуу кыйын болуп жатат. Негизи эле онколог эмес, башка жетишсиз адистерди да тартуу оор болууда. Кадрдын жетишсиз жагдайынан чыгуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлерди окутуп жатабыз. Алар залалдуу шишиктин күмөндүү белгилерин байкаса дароо онколог адистерге жөнөтүп жатышат. Бул оору башка дартка окшоп билинбегендиктен да бейтаптар өтө эле кеч кайрылып жатышат», - дейт Г.Маматалиева.

№1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкери, облустагы башкы онколог Акинай Нышанованын айтымында, рак илдети жыл өткөн сайын көбөйүп жана жашарып жатат.

«2018-жылы ашказан рагы биринчи орунда болгон. 2019-жылы көкүрөк безинин шишиги көбөйдү. Айымдар үчүн бул өтө ойлоно турган статистика. Алыскы район-шаарларда эмчек дарыгери жок. Аялдар жылына бир жолу өз ден соолугу үчүн дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп коюуга келишпейт. Кан кетсе да чыдап жүрө берип, акыркы стадияга жеткенде араң келгендер көп. Ар бир аялзаты өзүн көзөмөлдөөнү колго алышы керек. Саламаттыгында өзгөрүү болсо дароо дарыгерге кайрылууга чакырып кетем. Жыл өткөн сайын дартка кабылгандардын саны көбөйүүдө жана жашарууда. Мурда 50-60 жаштагылар ооруса, азыр жаш балдар да бар. Ак кан оорусу да көбөйүүдө», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости