www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Корукка алынган “Айгүл” гүлүн жулуп алган кыздын сүрөтү эрте менен инстаграм колдонуучусунан дирекке келип түшкөнүн БеспределKG өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып калтырган эле. Мындай окуядан кийин корукка алынган гүлдөрдү үзүп алган бир нече кыз-келиндердин сүрөттөрүн жергиликтүү тургун Мырза Добутов редакциябызга билдирди. 

Буга чейинки  маалыматка жарыяланган тартылган сүрөттү кылдаттык менен караганда, таштын үстүндө корукка алынган гүлдөрдүн үзүлүп жатканын жана  кыздын артындагы жоолукчан аялдын “Айгүл” гүлүн көтөрүп турганын байкоого болот. Бизге окурмандардан жеткен маалыматтарга караганда гүлдү жулган кыздын бири Динара Калбекова. 

Баткен облсунун тургуну Мырза Добутов, “Кыздар “Айгүл” гүлүн атайын жулган”, - деген пикирин билдирип, биздин редакцияга кошумча сүрөттөрдү жөнөттү.

Айгүл гүлү жыл сайын апрель айынын орто ченинде ачылып, май айынын орто ченине чейин гүлдөйт. Башка гүлдөрдөн айырмаланып анын гүлдөгөн мезгили да 20-25 күндү өзүнө камтыйт. Анын дагы бир айырмачылыгы боюнун бийиктиги 1-1,5 мге чейин жана тоонун күнгөй эмес тескей капталында өсөт.

Илимий тил менен алганда "Петимум Эдуарда" же орусча "Рябчик Эдуарда" деп аталат. Учурда Айгүл тоосу корукка алынып, андагы гуInsert non-formatted text hereл СССРдин "кызыл китебине" 1978-жылы киргизилген. "Айгүл" гүлү Баткен областынын Кара-Булак кыштагында өсөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости