www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашхабадда бенсиндин наркы жогорулай турганы жөнүндө кеп тарагандан кийин май куйуучу жайларда узун кезек пайда болууда.

Айдоочулар жеңил жана жүк ташуучу унаалары менен катар өздөрү менен кошо ала келген канистрлерге дагы бензин толтуруп кетишүүдө.

2-май күнү эртең менен шаардын четиндеги беш май куйуучу жайда бензин болгон жок.

Бензин наркынын жогорулоосу тууралуу айың-кеп чыккандан кийин дүрбөлөң башталды. Бул арада расмий медиа менен мамлекеттик мекемелер күйүүчү майлардын наркын көтөрүү боюнча өкмөттүн планын кабарлаша элек.

Түркмөнстанда акыркы жолу бензиндин баасы 2015-жылы президенттин көрсөтмөсү менен январда көтөрүлгөн. Анда автоунаалар керектөөчү майдын баасы 60% өскөн. А-95 үлгүсүндөгү бензиндин наркы 1 манатты түзөт. Өлкөдө расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манатка барабар.

Булак: "сentralasian.org"

Последние новости