www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык ырчы айым Анна Седокова мындан эки жума мурун уулдуу болгон эле. Төрөттөн соң он күн өтпөй кечки концерттерге барып көрүүчүлөрдүн катарын толуктап жүрөт. Учурда Калифорнияда жашап жаткан ырчы айым уулуна кам көрүп, келбетине жетиштүү көңүл буруп жатканына коомчулук таң берүүдө. Анна төрөттөн соң кыска убакытта кантип кайра калыбына келген сырын биз менен бөлүштү. “Күн сайын спорт менен алектенип, пайдалуу азыктар менен тамактануу менин денемдин тез убакытта кайра калыбына келишине шарт түздү. Спортту сүйгүлө! Мына ошондо гана сиздер каалаган дене түзүлүшкө жана келбетке ээ болосуздар!” деди Анна Седокова.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости