www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкектеги №48 атайын мектепке чейинки билим берүү уюмуна барды. Аталган бала бакчада сүйлөөсү жана угуусу начар, акыл-эсинин өнүгүүсүндө бузулуулар болгон балдар тарбияланат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Алмазбек Бейшеналиев пандемия шартындагы иштин жүрүшү жана бала бакчанын жалпы абалы менен таанышуу менен бирге, балдар жана мугалимдер менен баарлашып, бала бакчанын кем-карчын сурады.

Бала бакчанын администрациясы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бала бакчага айрым жабдыктар (түстүү принтер, ноутбук жана 2 интерактивдүү доска) жетишпей келгенин айтышты. Министр аталган жабдыктарды жакын арада бала бакчага жөнөтө тургандыгын билдирди.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны жылдан-жылга көбөйүп баратканы, ал эми мугалимдердин саны жетишсиз экендиги айтылды.

"Билим берүү министрлигинин долбоордук багыттарына ылайык, Арабаев атындагы улуттук университет жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту инклюзивдик билим берүүчү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү) мугалимдерди даярдай баштайт. Министрлик аларды бюджеттик негизде окутуп, даярдап берет", - деди министр Алмазбек Бейшеналиев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости